Марал Радиосу

Мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек

Кыргызстандын мектептерин окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди кеминде 147 аталыштагы окуу китеби менен камсыз кылуу зарыл.

Касымалиев белгилегендей, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-2022-жылдар аралыгында окуучулардын саны 435 миң 414 балага өсүп, 1 млн 447 миң 717ни түздү.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 млн 816 миң 255 окуу китеби бар. Бул жалпы керектөөнүн 68,5 % түзөт», — деди ал.

2023-жылы окуу китептерин басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнгөн. Быйыл жалпысынан 7-класстар үчүн «Физика» китеби кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде, ушул эле тилдерде 8-класстар үчүн «Химия» китеби жалпысынан 36 миң нускада окуу китеби басылып чыккан. Ошондой эле «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу китеби 123 миң нускада басылып чыгып, өлкөнүн бардык мектебине таратылган.