Марал Радиосу

Финсабатка саякат: кыргыздар 100 жыл аралыгында кандай акча бирдигин колдонуп келишкен?

Улуттук банк «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» аталышындагы күмүш коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарылганын билдирди.

Анын айтымында, аталган коллекциялык монета Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүгүндөн тартып жүгүртүүгө чыкты.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен байланышкан 1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралгандыгын тастыктаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү дата болуп саналат. Кыргыз автономиялуу облусу азыркы учурдагы эгемендүү мамлекеттин бардык атрибуттары менен иш жүзүндө Кыргыз Республикасын түзүү үчүн саясий-укуктук негиз болгон».

Улуттук банктын накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын жетекчиси Медина Ашыралиева жаңы монетада кандай элементтер камтылганын айтып берди.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган «100» деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле «жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргызстандын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу/Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан. Монетанын арткы бетинде болсо, Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» жазуулары түшүрүлгөн».

Улуттук банктын маалыматына караганда, «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Улуттук банк тарабынан жарыяланган сынактын негизинде эскиздик долбоорлор тандалып алынган. Бул монетанын дизайны Айжамал Жоробаева менен Каныбек Турумбековго таандык.

Ал эми кыргыздар 100 жыл аралыгында кайсы акча бирдигин колдонуп келишкен?

Коммуникации жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башкы адиси Анара Сабыр кызы Кыргызстандын аймагында өздүк акча каражаттарынын пайда болушунун тарыхы кыргыз элинин отурукташуу жана шаардык маданияттын өнүгүшүнүн негизинде өздүк акча каражаттарын чыгаруу зарылчылыгынан келип чыкканын айтат.

Кыргызстандын совет доорундагы акча жүгүртүү тарыхы Орусия жана бардык союздук республикалардын акча жүгүртүүсү менен окшош. Кыргызстан союздук республика шартында СССРдин курамына киргенден кийин, 1938-жылдын үлгүсүндөгү 1, 3 жана 5 сом наркындагы советтик рублдин акча белгилеринде биринчи жолу кыргыз тилиндеги «сом» деген жазуу пайда болгон. Кайсыл болбосун монеталар жана майда акчалар «тыйын» деп аталган. Кокон күмүш теңгеси, жез пулдар жана биринчи орус копейкалары жана гривналар да ушунтип аталчу. Учурда тыйын майдалоо акча каражаты катары кызмат кылат.

Кыргыз Республикасынын негизги акча бирдиги болуп – сом саналат. Сом – деген терминге башка альтернатива жок, ошондуктан бул сөз Кыргызстандын улуттук валютасынын акча бирдиги катары сакталууда.

Кыргызстандын улуттук валютасы республика үчүн оор учурда, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) өлкөлөрү өздүк, бардыгы үчүн жалпы болгон төлөм каражатын айласыздан пайдалануу, анын ролун рубль аткарган шартта, башкалардан көз карандысыз экономикалык саясатты жүргүзүүгө аракеттенип жаткан учурда киргизилген.

Бул шарттарда улуттук валютаны киргизүү өздүк максат эмес, Кыргызстандын өздүк, көз карандысыз экономикалык саясатын өткөрүү каражаты болгон. Мында башкы максат — инфляцияны ооздуктоо жана экономиканы структуралык жактан реформалоо программасын үчүн шарттарды кийинчерээк камсыз кылуу болуп саналган.

КМШнын алкагындагы салык, валюта, нарктык, бажы саясаттарынын жоктугу, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда келишилген эки жана көп тараптуу өкмөттөр аралык келишимдердин таасирдүүлүгүнүн жетишсиздиги; тең пайдалуу шартта макулдашылган жана биргелешип инвестициялануучу долбоорлордун жоктугу – ушунун бары улуттук валютаны киргизүү жөнүндөгү маселени, мунун негизинде, өздүк экономикалык саясатты түптөө жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн биринчи планга алып чыкты.

Улуттук валютаны киргизүү мөөнөттөрүн аныктоо жана аны жүгүртүүгө чыгаруу жоопкерчилиги Кыргызстандын өкмөтүнө жана Улуттук банкына жүктөлгөн.

Улуттук банктын адиси Анара Сабыр кызы эң алгачкы банкноталар, тыйындар тууралуу маалымат берди.

Эгемендүү Кыргызстандын улуттук валютасы этаптык стратегияга ылайык түзүлгөн:

1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (1-серия)

Акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйын номиналындагы банкноттор 1993-жылы 10-майында жүгүртүүгө чыгарылган.

1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (2-серия)

1994-1995-жылдары акча белгилеринин экинчи эмиссиясы ишке ашырылган. Биринчи сериядагы банкнотторго караганда “калайык-калктын улуттук валютага карата ишениминин калыптанышы мезгилинде” жасалмалуулуктан ишенимдүү корголгон банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор жүгүртүүдөн акырындык менен алынып, 1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор менен алмаштырылган.

1997, 2000, 2002, 2004, 2005-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (3-серия)

Улуттук валютаны өркүндөтүүнүн үчүнчү баскычы 1997-жылдан тартып башталган. 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом наркындагы, мурда чыгарылган банкнотторго салыштырганда өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө чыгарылган. Ал эми 2000-жылы жогорку номиналдагы 200, 500, 1000 сом наркындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

Жүгүртүү монеталары

Биринчи жолу 2008- жылы 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 сом номиналындагы металлдан жасалган жүгүртүү монеталары чыгарылды. 2009-жылы 10 сом номиналындагы монета, ал эми 2014-жылы монетанын кырында жазуусу бар 10 сом номиналындагы монета жүгүртүүгө чыгарылган.

Жүгүртүү монеталардын жүгүртүүгө киргизилиши банкноттордун төмөн номиналдары жогорку номиналдарга караганда бир нече эсе тез эскирүүсү менен шартталган, анткени алар калк тарабынан алмашуу операцияларында жана күнүмдүк товарларды сатып алууда активдүү колдонулат.

Андыктан, банкноттордун төмөн номиналдарын металл монеталар түрүндө чыгаруу максатка ылайыктуу, анткени алар кагаз банкнотторго караганда алда канча чоң жүктөмгө туруштук бере алат.

2009-2010–жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (4-серия)

Улуттук валютанын төртүнчү сериясы 2009-жылы жүгүртүүгө чыгарылган 5000 сом номиналындагы банкнот менен ачылган. Мындан кийин 20, 50, 100 жана 200, 500, 1000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен чыгарыла баштаган. 4-сериядагы банкноттор оригиналдуу дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ.

2016-жылдагы үлгүдөгү банкноттор (4-сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттор)

2017-2018-жылдары улуттук валютанын 4-сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарылган. 4-сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү өркүндөтүлгөн банкноталар төмөнкүлөрдү камтыйт:

— классикалык ыкма менен даярдалган, даана так көрүнгөн портрет;

— MASK-элементи; жарыкка салып кароодо «сом» деген сөз көрүнөт (20, 50 жана 100 сом банкнотторунан тышкары);

-чыгарылган жылы: 2016.

2000 сом номиналындагы эстелик банкнот

Эстелик банкнота, Улуттук банк тарабынан мамлекеттин тарыхында басып өткөн жолундагы маанилүү үч учурду камтыйт: Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болушунун 25 жылдыгына, Улуттук банктын 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата чыгарылган.

Эстелик банкнота, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүнүн: байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ.

2023-жылдагы үлгүдөгү банкноттор (5-сериясы)

2023-жылдын 10-майынан тартып улуттун валютанын 2023-жылдын үлгүсүндөгү 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылып, улуттук валютанын банкнотторунун жаңы, 5-сериясы ачылды.

2024-жылдын 15–февралынан тартып 20, 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттор, ал эми 2024-жылдын 10-майында 5000 сомдук банкнота жүгүртүүгө чыгарылды.

Банкноттордун жаңы 5-сериясы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган жана улуттук валютанын эволюциясын чагылдырат: жөнөкөй купондордон баштап, жасалма акча жасоодон коргоонун эң жогорку деңгээлине чейинки банкнотторго чейин.

Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Улуттук валютаны даярдоочу-компаниялар:

Улуттук валютанын банкноттору/монеталары Европа өлкөлөрүндө эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык чыгарылат. Банкнотторду/монеталарды даярдоочу компаниялар эл аралык сынактын негизинде аныкталат.

Өлкөнүн улуттук валютасынын сюжеттеринин негизги багыттары Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдырат. Банкноттун алдыңкы бетине кыргыз элинин көрүнүктүү инсандарынын: композитор Абдылас Малдыбаевдин, балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын, кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү Касым Тыныстановдун, жазма-акын Тоголок Молдонун, Алай ханышасы Курманжан-Датканын, төкмө акын Токтогул Сатылгановдун, акын Алыкул Осмоновдун, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин, ойчул, философ Жусуп Баласагындын, кыргыз элинин залкар сүрөтчүсү жана актеру Сүймөнкул Чокморовдун портреттери көрк берип турат.

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын ажайып кооз жайлары берилген: Филармониянын имараты, Опера жана балет театры, Жети-Өгүз капчыгайы, Манастын күмбөзү, Өзгөн архитектуралык комплекси, Токтогул ГЭСинин каскады, Хан-Теңири улуу чокусу, Ысык-Көл көлү; «Манас» эпосунун каармандарынын элестери, Ыйык Сулайман тоосу, Сулайман мечити, эң алгачкы Ала-Тоо кинотеатры.

100 жылдын ичинде кыргыз сомун колдонууда кандай өзгөрүүлөр, жетишкендиктер болду?

Банкноттордун сыйлыктары:

2010-жылы Эл аралык банкнот (IBNS) кагаз акча коллекционерлеринин эл аралык ассоциациясы менен биргеликте 5000 сомдук банкнотаны «2010-жылдын мыкты банкнотасы» аттуу эл аралык сынактын финалисти болуп таанылган. 5000 сомдук банкнотто биринчилерден болуп түсүн өзгөрткөн боек колдонулган.

2011-жылы 4-сериядагы 1000 сомдук банкнота банктык технологиялар боюнча көз карандысыз эксперт В.М. Ионовдун жетекчилиги астында экспертттик сурамжылоого катышып, сапатты баалоонун жалпы жыйынтыгы боюнча 1000 сом номиналындагы банкнота 2010-жылдагы 1000 рублдик банкноттон кийин, алдыда сыналуучу 50 евро жана 50 АКШ долларга карабастан, экинчи орунду алды. Эксперттер, биздин банкнот кагаздын сапаты, суу белгисинин сапаты, банкноттун оптималдуу өлчөмү, голографиялык элемент, микропринт сыяктуу негизги категориялар боюнча эң мыкты деп белгилешти.

2000 сом эстелик банкнота эл аралык эки сынактын жеңүүчүсү болду: Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлгөн «2018-жылдын мыкты регионалдык банкнотасы» жана «Банкнот индустриясындагы мыкты инновация».

—        «2018-жылдын мыкты регионалдык банкнотасы» деген сыйлык дизайн жагында мыкты жетишкендиктери, көркөм контексте заманбап коргоо элементтеринин колдонулгандыгы, ошондой эле технологиялык жасалгалоо өзгөчөлүгү жана ишенимдүү коргоого алынгандыгы үчүн ыйгарылат.

—        «Банкнот индустриясындагы мыкты инновация» бул сыйлык банкнотту өндүрүү тармагындагы акыркы технологияларды колдонгон үчүн берилет.

Улуттук валютанын 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторунун 5- сериясы «Жылдын банкноту» аймактык маанилүү сынакта «2023-жылдын банкнотторунун эң мыкты жаңы сериясы» номинациясынын лауреаты болду.

2023-жылдын октябрында Кыргызстандын улуттук валютасынын 5-сериядагы жаңы банкноттордун чыгарылышы «Улуттук банктын банкнотторду чыгаруу боюнча инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу» категориясында атайын сыйлык менен сыйланды. Жаңы банкнотторду даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча уникалдуу долбоорду уюштургандыгы, ошондой эле накталай акча жүгүртүү тармагында индустрияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлык Улуттук банкка банкноттордун жаңы сериясын даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча көз карандысыз эл аралык эксперттик кеңеш тарабынан ыйгарылды.

Коллекциялык монеталардын сыйлыктары:

Биздин коллекциялык монеталар эл аралык деңгээлде таанылып, татыктуу абройго ээ. Алсак, Чыңгыз Айтматовго арналган күмүш монеталардын сериясы Санкт-Петербург шаарында өткөн «Монеталар топтому — 2010» төртүнчү эл аралык сынакта «БИБЛИО-ГЛОБУС» соода үйүнүн ардак диплому менен сыйланган.

«Улуу Жибек жолу» сериясынын күмүш коллекциялык монетасы 2013-жылы Берлин шаарында «Krause Publications» басмаканасы тарабынан өткөрүлгөн «Жылдын мыкты монетасы» сынагында «Өзгөчө тарыхый мааниге ээ монета» номинациясынын жеңүүчүсү болду.

«Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана архитектурасы» сериясынан «Саймалуу-Таш» күмүш коллекциялык монетасы «Монеталар даражасы — 2014» эл аралык сынагында үчүнчү орунга татыктуу болгон.

2021-жылы COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн ага каршы күрөшкөн инсандарга ыраазычылык билдирүү иретинде жүгүртүүгө чыгарылган «Өмүр сакчыларына таазим!» жез-никель коллекциялык монетасы «Монеталар топ жылдызы – 2022» эл аралык сынагында «Жылдын монетасы» номинациясында үчүнчү байгелүү орунду ээлеген.

2022-жылы XIX Азия оюндарынын урматына жүгүртүүгө чыгарылган «Спорт» сериясындагы «Азия оюндары» коллекциялык монетасы 2023-жылдын ноябрында өткөн дүйнөнүн 18 өлкөсү катышкан 23 катышуучулардын арасынан «Монеталар топ жылдызы» эл аралык сынагында «Сувенирдик монета» номинациясы боюнча үчүнчү байгелүү орунду ээледи.

Улуттук банктын адиси Анара Сабыр кызы азыркы учурдагы банкноталар менен мурунку банкноталардын айырмасына токтолду.

Улуттук валютанын банкноттору технологиянын акыркы жетишкендиги менен даярдалат. Банкнотторду даярдоо – оор жана купуялык менен оролгон процесс. Анткени алар иш жүзүндө аларды колго жасай албагыдай болуп даярдалышы керек.

Кыргыз сому 100 % пахта буласынан жасалган, банкнотторду жасалмалоодон коргогон жана банкноттордун аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап коргоо элементтерин камтыйт.

Өнүгүү Концепциясына ылайык, улам жаңыланып турган сериядагы банкноттордун дизайны жана коргоо элементтери учурдун талабына жооп берген көчүрүп басуу жана полиграфиялык техникалардын өнүгүшүнө жооп берген жасалма банкнотторду жасоодон ишенимдүү коргоону камтышы керек.

Компьютердик технологиялардын жана көчүрмөлөөчү жабдуулардын кеңири өнүгүшүнөн улам жаңы кооптуу жагдайлардын жана тобокелдиктердин пайда болушу шартында, жасалма банкноттордун натыйжалуу жана ишенимдүү коргоого алынышын камсыз кылуу максатында, банкноттордун жана монеталардын техникалык өзгөчөлүктөрүн аныктоого карата комплекстүү ыкма талап кылынат.

Ушуга байланыштуу, жогору коргоо белгилери менен басып чыгаруу чөйрөсүндө алдыңкы иштеп чыгууларды ар тараптан изилдеп чыгуу, коргоо элементтеринин физика-химиялык чөйрөсүн изилдөө, улуттук валюта банкнотторун оптималдаштыруу максатында чет өлкө валютасынын изилдөөлөрүн эске алуу менен, улуттук валютанын банкнотторунда мурда болгон коргоо элементтери дайыма өркүндөтүлүп, айырмаланып турат.

Улуттук валюта тууралуу кошумча маалыматтар Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.

Exit mobile version