Марал Радиосу

Унаа сүзүп кеткен автоинспектордун абалы туруктуу оор бойдон калууда

Ысык-Көлдө жол кыймылын жөнгө салуу учурунда унаа сүзүп кеткен автоинпектордун абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги “Маралга” билдирди.

17-август күнү кечинде кызматкерди Бишкектеги республикалык ооруканага которушкан.

«Элистан Арзыбековдун абалы туруктуу оор бойдон калууда, учурда комада ИВЛ дем алдыруучу аппарат менен жатат»,-деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Элистан Арзыбеков Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапар менен барып, кызмат өтөө учурунда (жол тыгынын жөнгө салып жатканда) «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, ооруканага түшкөн.

Социалдык тармак аркылуу Элистан Арзыбековдун жакындары, достору видео кайрылуу жасап, аны Бишкек шаарына которууну өтүнүшкөн.

Ички иштер министрлиги окуя министр Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экенин билдирген.