Марал Радиосу

Ысык-Көл: Сел каптаган 110 турак үйдө дезинфекциялоо жүргүзүлдү

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы сел суулары каптаган айылдарда селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 307 адам жана 58 атайы техника, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

Сел жүргөн айылдарда тазалоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов көзөмөлдөөдө.

Жеринде ӨКМден 253 куткаруучу, 17 инженердик техника, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматтарынан 54 адам, 41 инженердик техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан Корумду, Кашат жана Темир айылында сел каптаган үйлөргө дезинфекциялоо жүргүзүлдү.

18-август күнү кечке жуук каттуу жааган жаандан улам Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда сел жүргөн. Анын кесепетинен үйлөрдү жана унаа жолдорду сел калдыктары каптаган.

19-август күнү сел жүргөн райондорго өзгөчө кырдаал режими киргизилген.