Марал Радиосу

25-августтун аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…12, күндүз +22…+27

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30

Бишкекте  жаан-чачын күтүлбөйт абанын  температурасы түнкүсүн +15…+17°, күндүз +27…+29° жылуу болот.

 

Exit mobile version