Марал Радиосу

Кыргызстанга Орусиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген

Кыргызстанга Орусиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз алынып келинген. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан “Беловодск” темир жол станциясына ЖЧК “Орион Экстра” тарабынан 10 вагон буудай Орусиядан Кыргызстанга ташып кирүүдө бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган. Фитосанитардык текшерүү учурунда жүктү коштоочу документтерде фитосанитардык сертификаттын оригиналы жана лабораториядан буудайга берилүүчү сыноо протоколу жок болуп чыккан.

Натыйжада департамент тарабынан аныкталган фитосанитардык бузуулар боюнча өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.