Марал Радиосу

Ысык-Көлдө селден кийин 159 үй сел калдыктарынан толук тазаланды

Ысык-Көлдө нөшөрлүү жааган жаандан улам пайда болгон селдин кесепеттерин жоюу аракеттеринин натыйжасында 19-20-август күндөрү 159 үй толугу менен сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

20-август күнү селдин кесепеттерин жоюуда жалпы 1058 адам иштеп, 85 атайын техника тартылган. Анын ичинен ӨКМден 395 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа, ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 336 кызматкер жана 47 инженердик техника 4 ассенизатор иштетилди.

Ошондой эле Садыр-Аке айыл аймагынан 300 ыктыярчы, «Чайна-Роуд’ ишканасынан 27 инженердик техника, 27 айдоочусу тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Учурда калган үйлөрдү тазалоо иштери жүрүүдө.

18-август күнү кечке жуук каттуу жааган жаандан улам Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда сел жүргөн. Анын кесепетинен үйлөрдү жана унаа жолдорду сел калдыктары каптаган.

19-август күнү сел жүргөн райондорго өзгөчө кырдаал режими киргизилген.