Марал Радиосу

Чүйдө дарыгерге кол көтөргөн жаран кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармакта дарыгерге кол көтөргөн видео тууралуу маалымат берди. Анда жарандын өздүгү такталып, кармалганы айтылат.

Мекеменин маалыматында, 19-августта Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Томок шаарынын 1997-жылы туулган З.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Чүй райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө таңкы саат 04:00 чамасында ага И.Ж. аттуу жаран себепсиз кол көтөрүп, денесине зыян келтиргенин айтып, чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Бул факт Чүй райондук ИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 19-августка караган түн саат 01:00 чамасында Чүй райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 2003-жылы туулган И.Ж. аттуу жаран «алкоголдук интоксикация» деген диагноз менен келип, саат 04:00 дө ооруканадан чыгып кетүүнү чечкен. Бирок оорукананын кызматкерлери аны туугандары келмейинче коё бербестигин айтышкан. И. Ж. аттуу жаран өзүн агрессивдүү мамиле көрсөтүп, врач-реаниматологго кол көтөрүп, андан соң ооруканадан чыгып кеткен.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Учурда И.Ж. аттуу жаран Чүй облустук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү тергөө иштери уланууда.

Буга чейин да медицина кызматкерлерине кол көтөрүп, уруп-сабаган учурлар бир нече жолу катталаган.

Жогорку Кеңеште депутаттар өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык же фармацевттик кызматкерлерди коркутуп, аларга карата зомбулук жасагандарга кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан.