Марал Радиосу

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 3 бөлмөлүү үй курулду

Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда.

Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 млн сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

«Долбоор боюнча турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 6 бөлмөлүү 10 турак үй курулду. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн курулуш жумуштары 95 пайызга бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 2019-жылы Талды-Суу айылына этникалык кыргыздар көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга жайгаштырылган 50дөй памирлик кыргыздардын бир тобу Ооганстанга кайра кайткан.

2022-жылы июлда кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келерин билдирген.

Эки миңге чукукл ооганыстандык кыргыздар Чоң жана Кичи Памирде жашашат.