Марал Радиосу

Ысык-Көл: Сел кесепеттерин тазалоо иштерине 700дөн ашык адам тартылды

Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүндө ӨКМдин куткаруучулары 25 турак үй, Жарандык коргонуу кызматтары 35 турак үй тактап айтканда, жалпысынан 60 турак үй сел калдыктарынан толук тазалашкан.

Ал эми алдын ала маалыматка караганда Ысык-Көл району боюнча 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) жабыркаган.

Селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 738 адам, 59 атайын техника тартылган. Анын ичинен ӨКМден 341 куткаруучу иштеп, 7 инженердик техника, 4 мотопомпа тартылган.

Облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор чыгарылган.

Тазалоо иштери бүгүн, 20-августта да уланууда.