Марал Радиосу

Акылбек Жапаров өлкө экономикасы тездик менен өсүп жатканын айтты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө экономикасы өскөнүн Өкмөт кызматкерлеринин жалпы жыйынында айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6%га өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт. Дүйнөлүк туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында мындай өсүш экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөттү»-, дейт Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстан 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши, ошондой эле 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүүсү керектигин кошумчалады.

2023-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1,2 триллион сомдон ашты.

2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйдү.