Марал Радиосу

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Сузак округу боюнча 12 арыз түштү

Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн БШКга12 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы сайтына жарыялады.

Талапкерлердин арасында мектеп директорлору, курулуш компанияларынын жетекчилери жана жеке ишкерлер бар.

Талапкерлердин тизмеси:

  1. Алтынбек Кылычбаев
  2. Санжарбек Энназаров
  3. Нурдин Эрматов
  4. Манас Максутов
  5. Бейшенбек Бегматов
  6. Жыргалбек Сейдахматов
  7. Мелисбек Кошалиев
  8. Сапарбаев Медербек
  9. Ынакбек Айдаров
  10. Юлия Лилиенталь
  11. Гулуйпа Карымшакова
  12. Нурсултан Абдуллаев

Аталган окургукка талапкерлердин арызын кабыл алуу 22-августка чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда болот.

Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген Тазабек Икрамов 19-июлда депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК аны мандатынан ажыраткан.

17-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы кабарланган. Бирок кайсы иш боюнча экени маалымдалган эмес.