Марал Радиосу

Ысык-Көл: сел жүргөн райондордо өзгөчө кырдаал киргизилди

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда селден улам бир катар унаа жолдор, ошондой эле Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлоосуна барчу жол жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл районунун сел каптаган Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында райондук Жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары тартылып, 15 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы жана мотопомпа менен иштеп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ түнкү саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана «Ысык-Көл Аврора » эс алуу жайын сел суулары каптаган.