Марал Радиосу

Француз киносунун легендарлуу актеру Ален Делон көз жумду

CANNES, FRANCE - MAY 19: Alain Delon attends the screening of "A Hidden Life (Une Vie Cachée)" during the 72nd annual Cannes Film Festival on May 19, 2019 in Cannes, France. (Photo by Andreas Rentz/Getty Images)

Дүйнөгө белгилүү француз киносунун легендарлуу актеру Ален Делон 88 жашында каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Ал театр, кион актеру, режиссер, сценарист болгон. «Арай көз чарай», «Рокко жана анын бир туугандары», «Күндүн жарыгында», «Самурай», «Борсалино»  сыяктуу бир катар дүйнөгө белгилүү тасмалары менен атагы чыгып, ошол мезгилдин кино жылдызына айланган. 1980-жылы советтик «Тегеран-43» фильмине тартылган.

Делондун акыркы ири эл алдына чыгуусу 2019-жылдын май айында Канн кинофестивалында ардактуу пальма бутагын алуу болгон.

Ал өз карьерасында жалпы 90дон ашык тасмага тартылган.

Exit mobile version