Марал Радиосу

БШК аймактарда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо ноябрда болоорун билдирди

Административдик аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттары сентябрда тарашы күтүлүүдө. Ага ылайык аймактарда кайрадан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүү 17-ноябрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын Ак-Суу районунда жергиликтүү бийлик жана депутаттар менен болгон жолугушуусунда айтылды.

БШК жана АШК өз кезегинде жергиликтүү мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдыдагы айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн айылдык аймактарды бириктирүүнү жана шаарларды бириктирүүнү эске алуу менен шайлоо округдарын түзүү маселелерин координациялайт.

«Өлкө боюнча мыйзамда шаарларды ирилештирүү жана айыл аймактарын бириктирүү каралган. Каралып жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 484 административдик-аймактык бирдиктин ордуна 268 административдик-аймактык бирдик: 33 шаар жана 235 айыл аймагы түзүлдү.
Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүштү жалпы өзгөртүү кеңештерди таратууга жана жаңы жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындоого негиз болуп саналат”-деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу менен түзүлөт.Шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештерге мандаттардын санын аныктоонун эрежелерин жана шайлоо округдарын түзүүнүн эрежелерин жер-жерлерде түшүндүрөт.

Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештери — 45 депутатка мандат берилсе, калган аймактарда калктын санына жараша каралат. Эгерде 6 миңге чейин калкы бар аймакка 11 депутат, 6 миңден жогору 20 миңге жейин болсо, 21 мандат берилет. Ал эми 20 миңден жогору болсо 31 депутатка мандат берилет.

Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, 2-августта президен кол коюп, күчүнө кирген.