Марал Радиосу

Ысык-Көлдөн Бишкекке жеткирилген автоинспектордун абалы оор экендиги айтылды

Ысык-Көлдө жол кыймылын жөнгө салуу учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер 17-август күнү кечинде Бишкектеги республикалык ооруканага которулду. Бул тууралуу Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда кызматкер комада жатканын, абалы оор экендигин, тиешелүү кароо жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Элистан Арзыбеков Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапар менен барып, кызмат өтөө учурунда (жол тыгынын жөнгө салып жатканда) «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, ооруканага түшкөн.

Социалдык тармак аркылуу Элистан Арзыбековдун жакындары, достору видео кайрылуу жасап, аны Бишкек шаарына которууну өтүнүшкөн.

Ички иштер министрлиги окуя министр Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экенин билдирген.