Марал Радиосу

18-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 18-августка караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 23…28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25,

Баткен облусунда түнкүсүн 17…12, күндүз 27…32

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 28…33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус болот.

Бишкекте мезгил мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 25…27 градус болот.