Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Байышбек Астанакулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.