Марал Радиосу

Паспортторду акысыз алмаштыруу боюнча акция 15 күндөн кийин аяктайт

Паспортту акысыз алмаштыруу боюнча улуттук кампаниянын аякташына 15 гана күн калды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Өтүп жаткан акциянын алкагында бардык жарандар өздөрүнүн эски үлгүдөгү паспортторун жаңы ID-карталарына акысыз алмаштырууга уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ.

Эске салсак, 2024-жылдын 1-июлунда Cанариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясы менен 2004-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-картасын 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-карталарды алмаштыруу улуттук кампаниянын башталгандыгын жарыялаган.

1-июлда башталган акция, 2024-жылдын 31-августуна чейин созулат жана паспортту алмаштыруу себептерине карабастан, аты-жөнүн өзгөртүү, жоготуу, же бузуу болобу, бардык жарандар үчүн ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө, 1-июлунан тартып 2024-жылдын 15-июлуна чейин, 63 251 паспорт алмаштырууга арыз кабыл алынган, алардын ичинен 52 685 ийгиликтүү иштелип чыккан жана берилген.

Өтүнмөлөрдү аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт, бул алардын корголушун жана пайдалануунун ыңгайлуулугун жогорулатат. Карталарды алмашуу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! 2024-жылдын 31-августуна чейин паспортуңузду алмаштырып, заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген заманбап документти алыңыз.

Белгилей кетсек, 2004-жылы AN сериядагы сары түстөгү ID-карталар гана алмаштырылат. 2017-жылдын үлгү карталарын алмаштыруунун кажети жок.