Марал Радиосу

Кыргызстан кулпунай менен малинанын экспортун көбөйттү

Кыргызстан коңшу Казакстан менен Орусияга мөмө-жемишти экспорттоо көлөмүн көбөйттү. Айтсак, акыркы 8 айда 4616,6 тонна кулпунай экспорттолгон. Бул өткөн жылга караганда 20,5% га көп, ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 36,4% га жогорку көрсөткүч.

Ошондой эле, 2024–жылдын январь–май айларында өлкөдөн 236 572 тонна, 10,9 миллион даана жана 1 134 м3 карантинге алынган продукция экспорттолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товарлардын экспорту 28 280 тоннага, 7,2 миллион даанага жана 273 куб метрге көбөйгөн.

Кулпунай, карагат жана малинаны экспорттоо боюнча маалымат

Карантиндик продукциялар

01.08.2023

01.08.2024

1

Кулпунай

3438,4

4616,6

2

Малина

1017,5

1470

3

Кара карагат

94

150

Баардыгы

4549,9 тн

6236,3 т