Марал Радиосу

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдолууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2024-жылга карата титулдук тизме боюнча жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Ошентип, Иса Ахунбаев көчөсүндөгү тротуарды Чыңгыз Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери башталды.
Жолдун түштүк тарабында эски асфальты сыйрылып, ирригациялык системасын орнотуу иштери аяктап, бордюрларды орнотуу иштери улантылып жатат.

Ошондой эле жолдун түндүк тарабында эски асфальты сыйрылып, бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.