Марал Радиосу

ТИМ Лос-Анжелесте кыргызстандык жаранга болгон кол салуу тууралуу үн катты

АКШда кыргызстандык жаранга кол салуу болгондугу тууралуу ЖМКларда жарыяланган маалымат боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

«Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы (АКШ) Башкы консулдугу тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны менен болгон инциденттин бардык жагдайларын аныктоо боюнча бул маселе боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Жогоруда аталган маселе Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, кыргызстандык Шайлообек Базарбай уулу Лос-Анжелес шаарында өз унаасы менен токтоп турган жайында 40ка жакын өспүрүмдө велосипед менен өтүп баратып, анын унаасына бөтөлкө ыргыткан. Кыргызстандык унаасынан чыккан учурда өспүрүмдөр тобу аны ур-токмокко алып, унаасындагы бардык буюмдарын тоноп кеткен. Ал документтери да кошо жоголгонун айтууда. Учурда кыргызстандыктын буту сынып, дарылануу үчүн каражат топтоодо. Шайлообек Базарбай уулу АКШга өткөн жылы барган.