Марал Радиосу

Бүбүйра Кыдыралиеванын дүйнө салганына байланыштуу президент көңүл айтты

«Ата-Бейит» комплексинин сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева 96 жаш курагында ааламдан өттү. Анын жакындарына президент Садыр Жапаров көңүл айтты.

Президент кыргыз каймактарынын сөөгү жаткан “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра апанын дүйнө салганына кайгырганын жана быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан жылы дүйнө салганына терең өкүнүүсүн билдирген.

«Бүбүйра апанын “Ата-Бейит” апаатын жүрөгүнө канчалаган жыл бою жүк кылып сактап жүрүп, акыры атасынын аманаты катары ачыкка чыгарып, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтыргандыгын ар бир кыргыз жараны жакшы билет. Бүбүйра апа сырын ачпаганда, биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет? Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту.Эң өкүнүчтүүсү бабаларыбыздын көксөгөн мүдөөсү болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө Бүбүйра апа катышып, ошол ата-бабалардын эбегейсиз эмгектеринин даңазаланышын өз көзү менен көрүп калса болбойт беле…», — деп билдирген өлкө башчы.

Президент Бүбүйра Кыдыралиеванын жакындары менен туугандарына жана жалпы эле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысы менен тең бөлүшөт.