Марал Радиосу

Ысык-Көлдө билим берүү боюнча эл аралык саммит өтөт

Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен биринчи жолу “Август” иш-чаралары эл аралык деңгээлде “Билим берүү жана илим диалогу: Кыргызстан – Казакстан, Кыргызстан-Сингапур, Кыргызстан-Россия” билим берүү жана илим саммитинин форматында өткөрүлөт.

Саммиттин максаты – билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында үзгүлтүксүз окутууну, социалдык жоопкерчиликти, жарандык катышууну, көп тилдүү жана маданий көп түрдүүлүктү камсыз кылуу боюнча эл аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү консолидациялоо платформасын түзүү.

Кыргызстан менен Казакстан тажрыйба алмашат

15-16-августта Билим саммитинин алкагында “Мектепке чейинки билим берүү кызматын каржылоонун пилоттук долбоору жана мектепке чейинки билим берүү системасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” темасында тегерек стол өткөрүлөт.

Кыргызстан жана Казакстан өлкөсүнөн өкүлдөр мектепке чейинки билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды талкуулашат.

Эки өлкөнүн катышуучулары каржылоонун жана өнөктөштүктүн ар кандай моделдеринин күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, ошондой эле аларды өз өлкөлөрүнүн шарттарында адаптациялоо жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Кыргызстан менен Сингапур табигый илимдерин жогорулатат

Мультимодалдык программа менен иштөөнү үйрөтүү үчүн тренерлерге  “PISA компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу табигый илимдер жана математика жаатында окуучулардын сабаттуулугун жогорулатуу” темасында семинар пландаштырылган.

“Marshall Cavendish Education” окуучулардын компетенттүүлүгүн жана билим берүү натыйжаларын жакшыртуу үчүн PISA тестине даярдануу жана Cerebry платформасын колдонуу боюнча тренинг өткөрөт.

Кыргыз-Орус жарманкеси өтөт

Биринчи жолу билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси өтөт.

Жарманкенин жүрүшүндө эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө, мастер-класстар орун алат.

Ошондой эле “Технологиялык лидерликке жетишүүдөгү билим берүүнүн орду”, “Педагогикалык кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү инновациялар” жана “Билим берүү процессиндеги санарип чечимдер” темаларында секциялар жүрөт.

Догдуркүл Кендирбаева: «Мугалимдерге болгон талап күчөтүлдү»

Бүгүн, Бишкекте “Билим берүү жана илим диалогу: Кыргызстан – Казакстан, Кыргызстан-Сингапур, Кыргызстан-Россия” билим берүү жана илим саммитине байланыштуу пресс-конференция өткөрүлдү.

Анда, Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мугалимдерге болгон талап күчөтүлгөнүн билдирди.

«Мугалимдик кесибине тапшыруу үчүн ОРТ баллы 110 болсо, быйыл мугалимдерди 120 балл менен кабыл алдык. Демек, билим берүүгө сапаттуу адистер келет. Аталган балл менен көп келишти.

Ошондой эле, өлкөнүн баардык аймактарынан келген  абитуриенттерге 120 балл алуу талабы коюлду.

Эске салсак, “Билим берүү жана илим диалогу: Кыргызстан — Казакстан. Кыргызстан-Сингапур. Кыргызстан-Россия” билим берүү жана илим саммити Ысык-Көл облусунда 15-августан 19-августа чейин уланат.