Марал Радиосу

Үч-Коргон ГЭСнин 4-гидроагрегатын реконструкциялоо иштери 50% аткарылып бүттү

«Электр станциялар» ААКнын Үч-Коргон ГЭСнин №4 гидроагрегатынын реабилитациялоо иштеринин башталганына 5 айдан өттү.

Реконструкциялоо журуштарын аткарып жаткан топ тынымсыз иш алып барууда. Жалпылап айтканда Үч-Коргон ГЭСнин 4-ГАсын реконструкция жумуштарынын 50  пайызы аткарылып бүттү. Учурда  бир катар алгылыктуу жумуштар аткарылууда, — деп билдирди Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Реконструкция жумуштары ийгиликтүү бүтсө Үч-Коргон ГЭСнин №4 ГАсы жаңыланып, кошумча кубаттуулук кошулуп, иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат. Бул өз учурунда ГЭСтин иштөө ишенүүмдүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.