Марал Радиосу

Улуттук банк валюта рыногуна 59,8 млн доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция жасады.

Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, валюта рыногуна 59 млн 800 миң АКШ доллары сатылды.

Белгиленгендей, бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 18,5 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 41,3 млн доллар сатылган.

Улуттук банк айдын башында валюта рыногуна 51,6 млн доллар саткан.