Марал Радиосу

Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Кечээ, 12-августта Кыргызстан тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү болду.

Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Атап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалын жана мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты.