Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын, байге ээлерин жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү.
Төмөндө акчалай сыйлык тапшырылган машыктыруучулар жана дарыгерлердин тизмеси:
Машыктыруучулар:
- Евгений Петрашов, сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу (Денис Петрашов жана Елизавета Печерскихтин биринчи жана жеке машыктыруучусу) – 650 миң сом;
- Андрей Полубапкин, жеңил атлетика боюча Сардана Трофимованын жеке машыктыруучусу – 125 миң сом;
- Айып Исаков, жеңил атлетика боюча башкы машыктыруучу – 150 миң сом;
- Улукбек Өмүрзаков, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Айбек Кубанычбековдун биринчи машыктыруучусу) – 50 миң сом;
- Роман Кузьмин, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Эрлан Шеровдун биринчи машыктыруучусу) – 175 миң сом;
- Сергей Кладнов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 250 миң сом;
- Абдужалил Юнусов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 300 миң сом;
- Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;
- Рустам Учаров, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;
- Сүймөнкул Табалды уулу , эркин күрөш боюча Кыргыстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 875 миң сом;
- Руслан Мажинов, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 750 миң сом;
- Биримкулов Чыңгыз, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;
- Дастан Муктаров, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;
- Аязбек Жумашбаев, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;
- Мамбектов Раатбек, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
- Хаким Махмудов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Жоламан Шаршембековдун биринчи машыктыруучусу) – 2 млн 450 миң сом;
- Мейрамбек Ахмедов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
- Улукбек Карачолоков, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 5 млн 500 миң сом;
- Эркинбаев Азат, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 6 млн 600 миң сом;
- Түгөлбай Базакечов, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;
- Нурсултан Аскарбеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
- Рахмадил Жуманазаров, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу) – 1 млн 100 миң сом;
- Чынарбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;
- Байгазы Кенжебаев, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 4 млн 500 миң сом;
- Нурбек Изабеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 5 млн 650 миң сом;
- Турдаалы Оморов, бокс боюнча машыктыруучу, (Мунарбек Сейитбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 1 млн сом;
- Беганас Султанбаев, бокс боюнча машыктыруучу (Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;
- Улан Сагынбаев , бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 2 млн 500 миң сом;
- Данияр, Төлөгөн уулу бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 3 млн сом.
Медицина кызматкерлери:
- Улукбек Кыдыев , массажист – 1 млн 375 миң сом;
- Константин Еремич , массажист – 1 млн 375 миң сом;
- Иса Биченов, дарыгер – 1 млн 375 миң сом;
- Бактыгүл Алишева , дарыгер – 1 млн 375 миң сом;