Марал Радиосу

УКМК: «Береке» базарын мыйзамсыз тартып алгандар кармалды

УКМК рейдерлик фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында криминалдык авторитеттин тууганын кармады.

Тактап айтканда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин бири Эркин Мамбеталиевдин тууганы мурда кармалган жаран менен сүйлөшүп алып, Н.Ж. аттуу жарандан коркутуу жолу менен укук белгилөөчү документтерди алып коюшкан. Уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, «Дордой» СБКнын аймагында жайгашкан «Береке» базарын мыйзамсыз тартып алышкан.

Аталган адамдар Н.Ж. аттуу жаранды, эгер ал базарды талап кылууну токтотпосо же укук коргоо органдарына кайрылса, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутушкан.

Ошондой эле бул базардан түшкөн кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду колдоого жана кылмыштуу аракеттерди уюштурууга жумшалганы аныкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, чогултулган материалдардын негизинде Ж.Ы. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.