Марал Радиосу

Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусуна 2,5 млн сом акчалай белек берилди

Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтында Париж Олимпиадасынын катышуучуларын расмий тосуп алуу аземи өтүүдө.

Анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына акчалай жана баалуу белектерин ыйгарды. Анын арасында Париж Олимпиадасында бокс боюнча Кыргызстанга алгачкы медалды алып келген Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2,5 млн сом акчалай белек берилди.

Ушундай эле суммадагы сыйлыкты Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов да алды.

Ошондой эле мамлекеттин атынан бардык жеке, биринчи жана башкы машыктыруучуларга 50 миң сомдон 6,5 млн сомго чейинки акчалай сыйлыктар берилди.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Париж Олимпиадасына каттоо аяктап калганына байланыштуу барбай калганы айтылган. Ал өзүнүн окуучусунун беттештерин Кыргызстанда көрүп жатты.