Марал Радиосу

Кара-Суу районуна жаңы аким дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Табалдиев Канат Касенович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган райондун акими Темирболот Абыкеев жер бөлүштүрүүдө ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алууга шек саналып кармалганы кабарлаган. Ош шаардык соту тарабынан башка жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев 2023-жылдын декабрында бул кызмтка дайындалган. Ага чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчы, Ош облусунун Чоң-Алай районунда аким болуп иштеген.