Марал Радиосу

Ысык-Көл: Селдин кесепеттерин жоюуга 120 кызматкер тартылды

Кечээ, 11-августта Ысык-Көл облусунун бир катар аймагында сел жүрдү.

Ысык-Көл районуна селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө ƟКМден 60 куткаруучу, 3 мотопомпа, мындан сырткары Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнөн 20 аскер кызматкер, Ысык-Көл районунун Жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, мэриядан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 2 жүктөгүч, жеке менчик 2 самосвал, 2 Хово тартылган.

Жалпысынан болжол менен 16 турак үйдү суу каптап , 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган.

Ошондой эле,  Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда сел жүрүп, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары «Кыргыз Жол Курулуш» ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылган.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жеринде кырдаал менен таанышты.

Ысык-Көл облустук башкармалыгы жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп жатат.