Марал Радиосу

Париж-2024: Олимпиаданын расмий жабылыш аземинен сүрөттөр

12-августка караган түнү Франциянын «Стад де Франс» стадионунда Париж Олимпиадасынын жабылыш аземи болду.

Жабылуу аземине 71 500 көрүүчү келди. Олимпиадага катышкан 200дөн ашык өлкөлөрдүн 9 миңдей спортчулары жана аларды коштогон делегациялар да катышты. Кыргызстандын желегин балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыкты.

Олимпиаданын желегин Париж мэри лос-анжелестик кесиптешине тапшырды

Иш-чарада Париж мэри Анн Ҳидалго Олимпиада желегин Лос-Анжелес шаарынын мэри Карен Бассга тапшырды. АКШнын Калифорния штатынын борбору эми 2028-жылда өтө турган Олимпиаданы уюштуруп, меймандарды тосуп алмакчы.

Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиаданын уюштуруучулары иш-чаранын экинчи бөлүгүндө шоу көргөздү. Шоунун баш каарманы Голливуд жылдызы Том Круз болду. 62 жаштагы актер «Стад де Франс» стадионунун шыбынан аренага түшүп, Олимпиаданын желегин кармап мотоциклге секирип отурду. Андан ары ал түнү Парижди айланып, «Аткарып болбой турган миссия» филминдеги эпизод сыяктуу  мотоциклин учакка түз айдап кирди.

Ошондой эле музыкалык бөлүктө ырчы Билли Айлиш, рэп ырчысы Сноп Догг да ырдады.

Париждеги Олимпиаданын жыйынтыктары

Кыргызстандын спорт делегациясы бул Олимпиаданы тарыхый көрсөткүч менен жыйынтыктады. Тактап айтканда жалпы 6 медаль утуп, анын төртөө коло, экөө күмүш болду. Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровалар тарыхта эки ирет Олимпиадада байге алган спортчулар болду. Ал эми бокс боюнча мушкер Мунарбек Сейитбек уулу тарых жазып, Кыргызстандын бокс боюнча алгачкы олимпиадалык медалын тагынды.

Бул Олимпиадада 125 кг салмак категориясында килемге чыгып жүргөн балбан Айаал Лазерев карьерасын жыйынтыктады. Ал коло үчүн күрөштө түркиялык балбанга утулуп калды.

Парижге жалпы 16 спортчу барган. Алар: Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Бекзат Алмаз уулу, Эрлан Шеров, Эрназар Акматалиев, Амантур Исмаилов, Айаал Лазерев, Мунарбек Сейитбек уулу, Денис Петрашов, Сардана Трофимова, Кубанычбек Айбек уулу, Елизавета Печерских.