Марал Радиосу

Олимпиада: Айпери Медет кызы 5-орунду ээледи

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында балбан Айпери Медет кызы 5-орунду ээледи.

Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде коло үчүн беттеште Кубанын спортчусу Марин Потрилье менен күрөштү.
Мелдеш 6:0 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызы жеңишти тарттырып жиберди.

Беттештердин жыйынтыгы менен Айпери Медет өз салмагында 5-орунга жайгашты.

Буга чейин Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюанды 4:1эсебинде, чейрек финалда индиялык Худа Ритиканы 1:1 эсебинде уткан.

Бирок жарым финалда кыргыз балбаны АКШнын спортчусу Кеннеди Блейдске 6:8 эсебинде жеңилип калган болчу.