Марал Радиосу

Париж-2024: Айаал Лазерев коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айаал Лазарев Олимпиадада коло медаль үчүн беттешет.

Лазерев бүгүн 125 кг чейинки салмакта көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Десини 5:0 эсебинде утуп, 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Коло медаль үчүн беттеште анын атаандашы түркиялык Таха Акгүл.