Марал Радиосу

Олимпиада: Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашына утулуп калды

Парижде өтүп жаткан Олимпиадада эркин күрөш боюнча 65 кг чейинки салмак ченинде кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев килемге чыкты.

Ал 1/8 финалда венгриялык балбан Исмаил Масукаев менен беттешип, тилекке каршы ал атаандашына 11:0 эсебинде, мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды.

Эми венгриялык балбан Исмаил Масукаев финалга чыкса, Эрназар Акматалиев коло үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгышы мүмкүн. Эгер Масукаев финалга чыкпай калса, анда кыргыз балбанынын мүмкүнчүлүгү да жокко чыгат.