Марал Радиосу

Бишкектеги катуу шамал: бактар кулап, унааларды басып калган (сүрөт)

Кечээ, 9-августта катталган катуу шамал Бишкекте көп кабаттуу 4 турак үйдүн чатырын учурган. Жалпы 30 бак кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка караганда, 4 унаа жабыркап, ошондой эле 1 турак жайдын, 1 чайхананын чатырын учурган. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес жана жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, ӨКМ Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал боло тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 2024-жылдын 9-августунда саат 17:49дан 19:00гө (1 саат 11 мүнөт ичинде) чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында түштүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми кулаган бак-дарактар Бишкек Жашылдандыруу кызматы тарабынан тазаланууда.