Марал Радиосу

Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт

v

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмак категориясында биринчи беттешинде нигериялык Эстер Колаволе менен кездешип 5:3 эсебинде женип, чейрек финалга чыккан. 

Чейрек финалдык беттеште америкалык балбан  Кайла Мираклды 5:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда украиналык Ирина Колюденкого 9:2  эсебинде жеңилип калды. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт.

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана Азиянын алты жолку чемпиону. Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын (2021) күмүш байге ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери.