Марал Радиосу

Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

WW 62kg Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмак категориясында Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Ал чейрек финалда АКШ балбаны Кайла Мираклды жеңди. Эми жарым финалда күрөшөт. Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Тыныбекова Олимпиаданын 8/1 финалдык беттешинде нигериялык Эстер Колаволени 4:1 эсебинде уткан.

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана Азиянын алты жолку чемпиону. Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын (2021) күмүш байге ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери.