Марал Радиосу

Кыргызстандык балбан Лазарев биринчи беттешинде жеңилди

125kg FS - Aiaal Lazarev (KGZ)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Айаал Лазарев биринчи беттешинде жеңилип калды. Ал эркин күрөш боюнча турнирде 125 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

1/8 финалдык беттеште Лазарев Азиянын жана Азия оюндарынын учурдагы чемпиону, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келип, ага 0:5 эсебинде жеңилип калды.

Ирандын балбаны финалга чыкса, Лазарев 10-августта коло медаль үчүн мелдешке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.