Марал Радиосу

Бишкектеги Лев Толстой көчөсү 25-августка чейин жабык болот

Бишкек шаарында 10-июндан баштап Лев Толстой көчөсүн Тимур Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, жумуштарды «Каменные дороги» ЖЧКсы аткарууда.

Капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасын жана бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда эски асфальтын сыйруу, дренаж үчүн кошумча арык орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүрүп жатат, мындан ары жер казуу жана люктарды жолдун деңгээлине көтөрүү иштери жүргүзүлөт. Акыркы этап ЩМА (щебеночно мастичная смесь) төшөө болот.

Буга чейин жол түндүк тарабынан жабылган, ишти тез арада жыйынтыктоо максатында 10-августтан 25-августка чейин жол кыймылы үчүн толук жабылат.