Марал Радиосу

Олимпиада: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова жана Айаал Лазарев килемге чыгат

Бүгүн, 9 август күнү Париждеги Олимпиада оюндарында эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уланууда.

Эркин күрөш боюнча 74, 125 кг чейинки салмакта жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмак категориясында беттештер өтөт.

Кыргызстандан кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмак категориясында алкачкы беттешин өткөрөт. Анын атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болот.

Ал эми  эркин күрөш боюнча 125 кг чейинки салмак категориясында Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен беттешет.

Беттештер Бишкек  убактысы боюнча саат 15:30да башталат.