Марал Радиосу

Кыргызстандагы 368 бийик тоолуу көлдүн ташып кетүү кооптуулугу бар

Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарда 2 миңден ашык көл болсо, анын 368инде ташып кетүү кооптуулугу бар. Бул тууралуу 9-августта өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев айтты.

Министрлик жыл сайын бийик тоолордогу көдлдөргө изилдөө жүргүзүп, алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн сунуштамаларды берет.

Быйыл 194 объектиге изилдөө жүргүзүү пландалган, анын көбү жасалды.

Акыркы жолу Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Гауян жана Орозбеков айыл аймагындагы Кутман-Көл жана жанындагы көлмөлөрдө көзөмөл жүргүзүштү.

Көл деңиз деңгээлинен 3808 метр бийиктикте жайгашкан. Жыйынтыгында аталган көлдө суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана кооптуулук коркунучу жок экендиги аныкталды.

Ага чейин Чүйдүн Кегети айыл аймагындагы Көл-Төр көлүнүн деңгээли көтөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көлдүн деңгээли ашып кетүүсүн алдын алуу үчүн узундугу 135 метрлик сифон суу түтүгү орнотулганын билдирген. Мындай түтүктөн дагы экини орнотуу пландалууа.

Даурбек Сакыев Кыргызстанда быйыл 300дөн ашык сел катталганын жана муну менен 30 жылдагы цикл кайталанганын айтты.

Селдин себептери катары географиялык өзгөчөлүктөр — Кыргызстандын аймагынын 94 пайызы тоолуу аймак. Бул сел эле эмес башка да геологиялык кооптуу процесстердин болушуна алып келет.

Климаттык фактор — быйыл тоо этектеринде, тоолуу аймактарда нөшөрлөгөн жаан көп жаады, бул сел сууларынын көп агышына алып келди.

Адамдык фактор — кургак сайларда же дарыялардын нугунда мыйзамсыз курулуштар курулганы Ош облусунун аймагындагы селден кийин белгилүү болду. Бул сел сууларынын агып кетишине жолтоо болуп, суу ташып, көпүрө, жөө жүргүнчүлөр өтө турган жайлар жабыркады.