Марал Радиосу

Бүгүн балбан Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Эркин күрөш боюнча  57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Париж Олимпиадасынын алкагында коло байге үчүн күрөшөт.

Ал чейрек финалда жеңилген АКШ балбаны Спенсер Ричард Лиге жеңилген. АКШ балбаны жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди жеңип, финалга чыкты.

Эрежеге ылайык Бекзат Алмаз уулу бүгүн, 9-августта көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Ал таймаштан утса, коло байге үчүн күрөшөт.

Балбан Бекзат Алмаз уулунун атаандашы кытайлык Цзоу Ванхао. Беттеш 9-августта саат 15:00дө башталат.

Бекзат Алмаз уулу учурда 21 жашта. Ал Олимпиадага алгач ирет катышууда.