Марал Радиосу

Париж-2024: Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда утулду

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда атаандашына утулуп калды.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.

Алгачкы атаандашы казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Анда америкалык Спенсер Ричард Лиге 2:12 эсебинде утулуп калды.

эми Америкалык спортчу финалга чыкса, кыргызстандык 9-августта коло үчүн турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алат.