Марал Радиосу

Олимпиада: Балбан Үзүр Жусупбеков коло медаль ээси

97kg GR - Uzur Dzhuzupbekov (KGZ)

Париждеги Олимп оюндарынын алкагында балбан Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынды.

Үзүр Жусупбеков 97 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн беттеште египеттик Мохамед Габр менен күч сынашып, аны 2:1 эсебинде жеңди.

Буга чейин Жусупбеков 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венскаитисти 5:1 эсебинде артта калтырса, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Ал эми коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу таймашта америкалык Жозефь Патрик Рауну 9:4 эсебинде уткан.