Марал Радиосу

Олимпиада: Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты.

Ал 1/8 финалдык баскычта Литвадан келген спортчуну жеңип, кийинки раундда ирандык Мохаммадхади Саравиге утулуп калган.

Ирандык балбан жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, Жусупбековго 3-орун үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк берди.

7-августта Жусупбеков көңүл жубатуучу беттештин 1-раундунда АКШдан келген Жозеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде утуп алды.

Коло медаль үчүн күрөштө кыргызстандык Үзүр Жусупбеков египеттик Мохамед Габр менен кез келет. Медалдар үчүн беттештер 23:15ке белгиленген.

Үзүр Жусупбеков 28 жашта, Ал Токио Олимпиадасынын катышуучусу, 2019-жылы Азия чемпиону болгон.