Марал Радиосу

Бир айда 50 миңден ашык адам улуттук паспортун акысыз жаңылады

Эски үлгүдөгү ID-картаны жаңысына алмаштырууга 1 айда 51 миңден ашык арыз түштү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымат жыйынында кабарлады.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясындагы 2004-жылы чыгарылган улуттук паспортту жаңы үлгүдөгү ID-картага алмаштыруу боюнча кампания өткөрүүдө. Ал июлда башталган, 31-августка чейин уланат.

Жаңы ID карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт, бул алардын корголушун жана пайдалануунун ыңгайлуулугун жогорулатат. Карталарды алмашуу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Министрлик 2017-жылы чыгарылган карталарды алмаштыруунун кереги жок экенин билдирген.