Марал Радиосу

Садыр Жапаров 8-10-августта Астанага барат

Президент Садыр Жапаров 8-10-августта Астана шаарына барат. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, Жапаров Астанада Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун саммитине катышат.

Иш-чарага Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринин башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө.

Садыр Жапаров сапардын алкагында Жаниянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.

Астанада өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун саммити көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын талкуулоого багытталары деп күтүлүүдө.

Садыр Жапаров саммиттин алкагында өткөрүлө турган “Борбордук Азия+Япония” бизнес-форумуна да катышуусу пландаштырылууда.