Марал Радиосу

Париж-2024: Бүгүн үч балбан күрөшкө чыгат

Бүгүн, 7 августта кыргызстандык үч балбан килемге чыгат. Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрүшөт, Амантур Исмаилов өзүнүн салмагында биринчи беттешке чыгат.

Акжол Махмудов 77 кг салмакта колумбиялык Алексис Муньоз менен беттешет.

Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта АКШлык Жозеф Патрик Рау менен.

Амантур Исмаилов 1/8 финалда 67 кг салмакта грузиялык Рамаз Зоидзе менен күрөшөт.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.